• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Красноярскта Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына арналган сүрөт көргөзмөсү өттү

Коом 0

Бишкек, 01.11.23. /Кабар/. Жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгын белгилөөнүн алкагында 30-октябрда Красноярск шаарындагы "Кино үйүндө" режиссер Болотбек Шамшиев тарткан "Ак кеме" тасмасы көрсөтүлдү. Ошондой эле Айтматовдун чыгармачылык мурасына арналган сүрөт көргөзмөсү өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага КРнын РФдагы элчилигинин кеңешчи—кичи элчиси Айдай Өмүркулова, Красноярск шаардык мэриясынын, Красноярск крайынын Маданият министрлигинин, Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Красноярск шаарындагы өкүлчүлүгүнүн өкүлдөрү, Кино үйү, ошондой эле Красноярск крайынын кыргыз диаспора уюмдарынын жана бирикмелеринин активисттери катышты.

"Ак кеме" тасмасы Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Красноярск шаарындагы Канцеляриясынын (бөлүмүнүн) жана Россиянын Тышкы иштер министрлигинин Красноярск шаарындагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен Красноярск шаарынын администрациясынын жана МАУ "Кино үйүнүн" колдоосу менен уюштурулду.

Андан тышкары, Красноярск шаарындагы “Родина” Элдердин достугу үйүндө кыргыз диаспорасынын ар жыл сайын өтүүчү маданий иш-чараларынын алкагында Кыргыз маданиятынын күнү болуп өттү.

Айдай Өмүркулова куттуктоо сөзүндө өзгөчө кыргыз маданиятынын коомдун өнүгүшү жана калыптануусу үчүн маанисин белгилеп, буга байланыштуу ал кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнө чыгармачылык демилгелери үчүн ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий