• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Токтогулда 22 жаштагы жигиттин өлүмү менен аяктаган табышмактуу кырсыктын бети ачылды

Кырсык 0

Бишкек. 01.11.23. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Бишкек шаардык, Свердлов жана Токтогул райондук милиция кызматкерлери менен биргеликте өзгөчө оор кылмыштын бетин ачты.

ИИМден билдиришкендей, ушул жылы 22-октябрда болжол менен саат 10:00 чамасында Токтогул районунун Чычкан капчыгайында жол кырсыгына учураган "ВАЗ-21074" үлгүсүндөгү унаа табылган. Башында айдоочу рулду башкара албай калышы мүмкүн деген божомолдор болгон. Тоодогу дарыяга түшүп кете жаздап, бирок чоң ташка такалып калган унаанын ичинен жаш жигиттин сөөгү табылган.

Окуя болгон жерди кароо учурунда милиционерлер жол кырсыгынын издери болбогондуктан кырсык атайылап уюштурулушу мүмкүн деген шектенүүлөр жаралган. Эксперттер болжолдуу кароону жүргүзгөн соң жигиттин денесинде жол кырсыгына тиешеси жок тактар бар экенин аныкталып, ал Бишкекте дайынсыз жоголгондордун бири катары эсептелген 2001-жылы туулган Т.Б. болуп чыккан. Топтолгон материалдардын негизинде Токтогул РИИБде Кылмыш-жаза кодексинин "Адам өлтүрүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, экспертизалар дайындалган.

Бул аралыкта Бишкек шаарындагы милиция кызматкерлери дайынсыз жоголгон жарандын жүргөн жерин аныктоо боюнча иштерди жүргүзүп келген. Буга чейин 21-октябрда Свердлов РИИБге дайынсыз жоголгон уулун 2001-жылы туулган Т.Б.ны табууга көмөк көрсөтүү менен жаран кайрылган. Туугандарынын сөзү боюнча, жаран Т.Б. 20-октябрда үйүнөн өзүнүн "Тойота Кроун" үлгүсүндөгү унаасы менен чыккан бойдон кайра кайтып келген эмес. Ал кийим тигүүчү цехте иштеп жүргөн.

Бул факты аталган милиция башкармалыгында катталып, башка милициянын бөлүктөрүнө багыттамалар берилген. Ыкчам-иликтөө иш-чараларына ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 2-башкармалыгынын кызматкерлери тартылган.

Ыкчам-издөө иштерин жүргүзүү учурунда аталган унааны белгисиз адам башкарып бара жаткандыгын аныкташкан. Чүй облусунун тургуну 1998-жылы туулган Э.А. бул унааны бир күн мурда сатып алганын айткан. Аны милиция бөлүмүнө алып барып суракка алышканда 21-октябрда түндө социалдык тармактарда тез арада "Тойота Кроун" үлгүсүндөгү унаа сатылары боюнча жарнакты көрүп, сатуучуга жолугуп, унааны шашылыштан улам 8700 долларга баалашкан. Бирок ишеним кат берилген эмес. Ал кайра сатып алган унаасын сатмакчы болуп, жарнакты кайра жайгаштырып койгон.

Милиция кызматкерлери ыкчам-тергөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда мурда соттолгон жарандын изине түшүшкөн. Ал Кадамжай районунун тургуну 1993-жылы туулган К.уулу А. экени аныкталып, аны Бишкек шаарынын аймагынан кармашкан.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, анын өзгөчө оор кылмышка катыштыгы бар. Жаран К. уулу А. мүлкүн тартып алуу максатында кыып жатканын билген. Ошондон кийин ал алдамчылык жолу менен унааны ээлеп алып, атүгүл башкаларга сатууга да үлгүргөн. Андан соң, унаанын акчасын төлөп берүүнү убада кылып, жигитти ээн жерге азгырып кеткен. Жолдо анын денесине залал келтирип, “Чычкан” капчыгайында кылмыштын изин жашыруу максатында унааны сайга түртүп, кырсыкка учураткан.

Аныкталгандай, Чычкан капчыгайында табылган "ВАЗ-21074" үлгүсүндөгү унаа шектүүгө тиешелүү. Ал бул унааны жабырлануучуга тиешелүү болгон унааны саткан акчага алган.

Тергөөгө бул оор кылмыш ишинин бардык жагдайларын тактоого туура келген.

Белгилей кетсек, жаран К. уулу А. Россияда дагы ушундай эле кылмышты жасаган деп шектелүүдө. 2021-жылдын июнь айында Москва шаарынын аймагындагы Никитинская көчөсүндө токтоп турган "ВАЗ 2107" үлгүсүндөгү унаасы табылып, арткы отургучунан белгисиз аялдын жансыз денеси табылган. Андан соң аялдын өздүгү такталып, ал РФ жараны 1977-жылы туулган К.А. экени аныкталып, маркум 2021-жылдын январь айынан бери дайынсыз болуп жатканы белгилүү болгон. Ишти Москванын Тергөө комитетинин аймактык башкармалыгы карап, тергөө иш-чаралары Кыргызстандын аймагында да жүргүзүлгөн. Бул кылмышка шектүү катары жогоруда аталган жаран 1993-жылы туулган К. уулу А.ны Баткен районунун аймагынан кармашкан. Бирок далилдер жетишсиз болгондуктан (эксперттик изилдөөлөр толук эмес) иш бүтпөй келген.

Учурда жаран К. уулу А. Токтогул районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматына жеткирилип, өткөрүлүп берилди. Учурда кошумча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий