• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Гавайяда жолдон өтүп бара жатканда телефон кароого тыюу салынды

Дүйнө 0

Бишкек, 2-август /Кабар/. Гонолупу бийлиги жолду кесип өтүп бара жатканда уюлдук телефонду караганга тыюу салган мыйзамды кабыл алды. Бул жаңы норме смартфон, планшет, пейджер жана ноутбуктарга тиешелүү экенин CNN телеканалы билдирет.

Мыйзамды бузгандарга айып салынат. Айыптар биринчи жолку мыйзам бузуу үчүн 15-35 доллар өлчөмүндө болот. Кайрадан бузуулар болсо, айып пул 35-75 долларга өсөт. Үчүнчү жолкуда 75-99 доллар төлөөгө туура келет, - деп жазат ТАСС.

Мыйзам 25-октябрдан баштап күчүнө кирет. Буга чейин жергиликтүү полиция жашоочуларды көчөдө гаджеттерди колдонуунун жаңы эрежелери менен тааныштырат.

Расмий маалыматтар боюнча АКШда жолдорду кесип өтүүдөгү өлүмдөр 2016-жылы 11%га өскөн. Кырсыктын башкы себептеринин бири – жөө жүргүнчүлөрдүн шаарда жүрүүдө телефонго алаксыган көңүлкоштугу болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий