• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Япониядагы элчи Арстанбаев атомдук бомбалоодон курман болгондорду эскерүү иш-чарасына катышты

Коом 0

Бишкек, 06.08.20. /Кабар/. Бүгүн, 6-августта Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси Мирлан Арстанбаев Хиросимада атомдук бомбалоодон курман болгондорду эскерүүнүн 75-жылдык иш-чарасына катышты. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Эскерүү аземи салт боюнча Хиросима шаарынын борборунда жайгашкан Тынчтык паркында өттү. Иш-чаралар салт боюнча 75 жыл мурун атом бомбасы жарылган убакытта – саат 08:15 башталды. Коңгуроонун кагуусу менен үн катпай эскерүү жарыяланды. Хиросиманын мэри Кадзуми Мацуи толук ядролук куралсыздандырууга чакыруу менен тынчтык декларациясын жарыялады.

Ошондой эле эскерүү иш-чарасына Япониянын өкмөт башчысы Синдзо Абэ, депутаттары жана министрлер кабинетинин мүчөлөрү, Японияда аккредитациядан өткөн дипломатиялык корпус, атомдук бомбалоодо курман болгон жана аман калгандардын үй-бүлөлөрүнүн өкүлдөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий