• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда үйүндө жана интернатта 12,3 миң адамга соцкызмат көрсөтүлөт

Коом 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Учурда 10 миңден ашуун адам үйүндө социалдык кызматкерлердин кызматын алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.

Бул жалгыз бой пенсионерлер (3,9 миң адам), майыптыгы бар чоңдор (2 миң адам), 173 улгайган жубайлар жана 3,8 миң бала турмуштук оор кырдаалда турат.

Үйүндө кызмат көрсөткөн социалдык кызматкерлердин саны 918ди түзөт.

Мындан тышкары, дагы 2 ми 322 адам ведомствонун 17 интернатында мамлекеттин толук камсыздоосунда жашайт.

"Өткөн жылдан бери президенттин жарлыгы менен интернаттарда жашаган кары-картаңдар, балдар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген чоңдор үчүн тамак-аш төлөмдөрү эки эсеге жогорулаган", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий