• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Баткенди бак менен баккан Назыр багбан

Коом 0

Баткен облусуна караштуу Лейлек районундагы Кулунду айыл өкмөтүнүн тургуну Назыр Ахмедов 50 гектардай кайрак жерди айыл өкмөттөн ижарага алып, анын 27 гектарына бак тиккен. Ижара алган жердин 4 гектарына шабдаалы, 12 гектарына бадам, 4 гектарына болсо павлония көчөттөрүн отургузган. Бакты көгөртүү үчүн 1 500 километрге суу тартып чыккан. Багбан алдыда дагы 400 гектардай жерди өздөштүрүүнү пландап турат.

Азыр багбан Назыр алгачкы түшүмүн алып, базарга жүктөгөнү жатат. Биздин кабарчыларыбыз Кыргызстанда иштеп да байыса болотургандыгын далилдеген багбандын бакчасына барып, мээнеткеч аракеттерине күбө болуп келди.

Пикир

Оставить комментарий