• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Иран футболу Азия континенти боюнча алдыда

Спорт 0

Бишкек, 16.03.18 /Кабар/. FIFA өзүнүн жаңы рейтингинде Иран футболу дүйнөдө 33-орунда, ал эми Азия боюнча биринчи орунда экенин жарыялаган.

IRNA агенттиги FIFA сайтына шилтеме берип маалымдоосуна ылайык, Иран 792 упайы менен Азия боюнча алдыңкы жана дүйнө боюнча 33-орунду ээлейт. Бул рейтингге ылайык, Германиянын футбол улуттук курама командасы 1609 упай менен биринчи орунда, Бразилия 1489 упай менен экинчи, Португалия 1360 упай менен үчүнчү орунда болсо, Аргентина 1359 упай менен төртүнчү, ал эми Бельгия 1337 упай менен бешинчи орунга чыккан.

Ал эми алтынчыдан онунчу орундарга катары менен Польша 1228 упай, Испания 1228 упай, Швейцария 1197 упай, Франция 1185 упай, Чили 1161 упайлары менен көтөрүлүшкөн. Ошондой эле Азия континенти боюнча Иран, Австралия, Жапания катары менен биринчиден үчүнчү орундарга ээ болушкан.

Булагы: CA-IR NEWS

Пикир

Оставить комментарий