• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Казакстан Коргоо министрлиги Орусиядагы аскер храмынын курулушу үчүн каражат бөлдү

Дүйнө 0

Бишкек. 15.05.19 /Кабар/. Казакстан Коргоо министрлиги Орусиянын Куралдуу күчтөрүнүн башкы храмынын курулушуна каржылык колдоо көрсөттү. Бул тууралуу ТАСС Казакстан коргоо министринин орун басары, генерал-лейтенант Муслим Алтынбаевге шилтеме берүү менен билдирди.

Курулуш үчүн канча каражат бөлүнгөнүн генерал-лейтанат так айткан жок. Буга чейин казак бийлиги 2018-2020-жылдардагы өлкө бюджетинин киреше бөлүгүн 12% кыскарткан. Ага карабай коргонуу чыгымдары 25% өскөн.

2019-жылы Казакстан бийлиги Орусияга Улуу Ата Мекендик согушка катышкан казакстандыктар тууралуу маалымат жөнөткөн. “Алардын ысымдары башкы аскердик храмда түбөлүккө жазылып калат”, – деди Алтынбаев.

Орус армиясынын башкы ибадатканасы Орусиядагы эң ири диний жайлардын бири болот. Ал Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдык жеңишине карата Москва облусундагы Кубинка шаарында курулат.

Орусиянын Коргоо министрлиги чиркөө элден түшкөн кайрымдуулук акчаларынын эсебинен куруларын ырастап келет.

Пикир

Оставить комментарий