• 87.86
  • 93.94
  • 1

Бишкектин Келечек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда

Коом 0

Бишкек, 18.05.23. /Кабар/. Бишкектин Келечек конушунда 100 орундуу бала бакча курулууда.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бала бакча бир кабатуу, жер участогунун жалпы аянты 0,44 га, ал эми жайдын аянты -1314,14 чарчы метрди түзөт.

"Имаратта оюн бөлмөсү, буфет, ашкана, таркатма бөлмө, уктоочу жайлар, тазалык түйүндөрү, кабыл алуу, медициналык кабинет, башчынын кабинети, музыкалык жана спорт зал, методист бөлмөсү, персонал жана техникалык бөлмөлөр каралган", - деп айтылат маалыматта.

Учурда имараттын каркастары орнотулуп, ички дубалдарды куруу жана чатырды жабуу боюнча даярдык иштери жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий