• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өкмөт балдары түтүнгө ууланган Таштанбековдордун үй-бүлөсүнө 100 миң сом бөлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 15.02.19. /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өрттүн натыйжасында истүү газдан балдары ууланган Таштанбековдордун үй-бүлөсүнө 100 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам көрсөтүү жөнүндө буйрукка кол койду. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Өрттүн кесепетинен бул үй-бүлө жашаган «Келечек» конушундагы үй толугу менен өрттөнүп кеткен. 12-февралда, Бишкек шаарындагы Балдардын медициналык тез жардам көрсөтүүчү клиникалык ооруканасынын реанимациялык бөлүмүндө жаткан (№3 балдар ооруканасы) Таштанбековдордун үч баласынан Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова кабар алып келген.

Бүгүнкү күнү балдардын абалы туруктуу оор деп бааланууда. №3 балдар ооруканасынын медициналык кызматкерлери аларга күнү-түнү медициналык кам көрүп жатышат.

Пикир

Оставить комментарий