• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Өкмөттүн Баткендеги өкүлү өзгөчө кырдаал учурунда эмгектенген кызматкерлерге жардам көрсөттү

Аймак 0

Бишкек, 25.04.20. /Кабар/. Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов өзгөчө кырдаал учурунда эмгектенген кызматкерлерге жардам көрсөттү. Бул тууралуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Абдрахмановдун чечими менен өкүлчүлүктүн атынан саламаттык сактоо кызматкерлерине 100 кап, санитардык-карантиндик көзөмөл постто турган ички иштер органдарынын кызматкерлерине 100 кап, Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Баткен аймактык башкармалыгына 50 кап ун берилди.

Мындай жардам өзгөчө кырдаал учурунда иштеген бир катар мекемелердин маянасы аз, кенже тейлөөчү кызматкерлерине да көрсөтүлдү. Жалпысынан 20 тонна ун таратылып берилген.

Пикир

Оставить комментарий