• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто «Салык чек» лотереясынын экинчи этабынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 30.03.24. /Кабар/. Күн мурун Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгында “Чек талап кылып, байге утуп ал!” акциясынын алкагында «Салык чек» лотереясынын экинчи этабынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктар тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземине Ош шаарынын мэринин биринчи орун басары Марс Исаев, Мамлекеттик салык кызматынын Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы Кыдыкбек Кыдыров катышып, жеңүүчүлөрдү куттуктап, байгелерин тапшырышты.

Белгилей кетсек, Ош шаарынан 78 жаран жеңүүчү деп аталып, 1 батир, 2 электр унаа, 1 стиллер, 35 iPhone, 9 ноутбук, 30 смартфонго ээ болушкан.

«Салык чек» лотереясынын экинчи этабына Кыргызстандын 425 753 жараны катышкан, анын ичинен 24 миңден ашууну Ош шаарынын тургундары.

Пикир

Оставить комментарий