• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кочкор-Ата шаарында үч адам газга ууланып каза болду

Аймак 0

Ош, 07.02.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарында үч адам газга ууланып каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облусунун ИИБнин басма сөз кызматы билдирет.

Ведомствонун маалыматы боюнча, үч адамдын каза болгондугу тууралуу маалымат үстүбүздөгү жылдын 4-февралында болжол менен саат 23:30 чамасында маалым болгон. Алар үйдүн кожоюну 1953-жылы туулган К.Ж., жубайы 1960-жылкы К.Г., жана Коммунизм айылынын жашоочусу 1966-жылы туулган А.С.

“5-февраль күнү эртең менен үйдүн кожоюну эшикти эч ким ачпагандыктан үйүнө кире алган эмес. Ал коңшуларына эшикти ачууда жардам сураган, үйдүн ичине киргенде бардыгы газдын жытып сезишкен”,-деп айтылат маалыматта.

Окуя болгон жер текшерилди, каза болгондордун сөөгү шаардык ооруканадагы моргго жөнөтүлгөн.

Тиешелүү экспертиза дайылдалган, бирок каза болгондордун туугандары соттук-медициналык экспертизадан баш тартышкан. Алардын эч кимге доосу жок.

Пикир

Оставить комментарий