• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусунда 62 жаңы мектептин курулушу уланууда

Аймак 0

Ош, 07.02.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунун аймагында 153 соцобъекттин курулушу жүрүп жатат, анын 62си мектеп. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 258 соцобъекттин курулушу үчүн республикалык бюджеттен 2 млрд 263 млн 784 миң сом бөлүнгөн. 2017-жылы аталган курулуштар үчүн 1 млрд 859 млн 673 миң сом бөлүнгөн. Былтыр 258 объекттин 117си колдонууга берилген: 19 мектеп, 11 бала бакча, 16 ФАП, 19 спорт комплекси, 4 объект саламаттыкты сактоо жана башкалар.

“2018-жылы мурда курулуш башталган 158 объекттин курулушу уланууда. Ош облусунун аймагында 62 мектептин, 28 спорт комплекси, 10 бала бакча, 12 оорукана, таза суу менен камсыз кыла турган 17 объекттин курулушу жүрүп жатат”,-деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий