• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

КР Мамветинспекциясы депутаттардын аймактарда шарп илдети чыккандыгы тууралуу билдирүүлөрүн четке какты

Коом 0

Бишкек, 18-апрель /Салтанат Абдраева – Кабар/. Кыргызстанда шарп ылаңынын коркунучу жок. Бул тууралуу бүгүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук мамлекеттик инспекциясынын директорунун орун басары Аширбай Жусупов билдирди.

Ал белгилегендей, акыркы жолу шарп илдети 2014-жылы Суусамыр өрөөнүндө катталган. Ошондон бери өлкөдө бул ылаң менен оору катталган эмес. “Албетте, айрым жерлерде илдетке шектенүүлөр болот, бирок катталган эмес. Инспекторлор муну көзөмөлдөп турушат”, - деди А.Жусупов.

Ошондой эле, ал 2016-жылдан баштап ведомство шарпка каршы 5,5 млн доза вакцина алаарын, ал эми өткөн жылдары болгону 1,5 млн доза берилип келгенин белгиледи.

“Мен аймактарда шарп ылаңы чыккандыгы тууралуу маалыматты депутаттар кайдан алышкандыгын билбейм. Өлкө боюнча жаныбарлардын ооруларына мониторинг жасалып жатат. Шарп гана эмес, башка өтө жугуштуу оорулардын белгилери да жок”, - деди Мамветинспекциянын башчысынын орун басары.

Пикир

Оставить комментарий