• 84.28
  • 94.07
  • 0.91

“Кыргыз фармация” ишканасы дары-дармектин 600дөй түрүн 290 саламаттык сактоо уюмуна жеткирип берди

Ден соолук 0

Бишкек, 29.07.24. /Мээрим Дүйшөналиева – Кабар/. “Кыргыз фармация” ишканасы дары-дармектин 600дөй түрүн 290 саламаттык сактоо уюмуна жеткирип берди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, буга чейин дары каражаттары тендер аркылуу сатылып алынчу. Фирмалардан ишкана түз сатып алып жаткандыктан, акча каражаттары да үнөмдөлүүдө.

“Учурда дары-дармектер саламаттык сактоо мекемелеринин 90-95%ына жеткирилип берилди. Бейтаптар ооруканадан чыккан соң, дарылануусун үйдө улантат. Жарандарды арзан баадагы дары-дармектер менен камсыздоо үчүн өлкө боюнча 84 “Эл Аман” мамлекеттик дарыканасы ачылды. Ал жакта дарылар 20-25% арзан болуп жатат”, - деди ал.

Ошондой эле Алымкадыр Бейшеналиев белгилегендей, “Кыргыз фармация” 90 фирмадан жана 30дан ашык өлкөдөгү заводдордон келишимдин негизинде дары каражаттарын алууда.

“Азыркы дары-дармектердин баасы тендер менен алынган учурларга салыштырмалуу 200-600%га чейин арзан”, - деп кошумчалады министр.

Пикир

Оставить комментарий