• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргыз-корей соода-экономикалык кызматташтыгынын маселелери талкууланды

Экономика 0

Бишкек, 09.02.21. /Кабар/. Кыргызстандын Кореядагы элчиси Динара Кемелова Кореянын Жабыш каптамалар ассоциациясынын төрагасы Ли Инь Ёнг жана «Vision K» компаниясынын президенти Джо Джонг Вон менен жолугушту. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Кореянын учурдагы соода-экономикалык кызматташтыгынын маселелерин талкуулашты.

Тактап айтканда, тараптар Кыргызстандын өнөр жай тармагына инвестицияларды тартуу, эл аралык экономикалык форумдарды жана көргөзмөлөрдү уюштуруу, ошондой эле Кыргызстан менен Түштүк Кореядагы компаниялардын ортосунда соода байланыштарын түзүү боюнча пикир алмашышты.

Ассоциациянын төрагасы 200 туруктуу мүчөсү жана Интернетте 70 миң мүчөсү бар экендигин айтты. Ал кошумчалагандай, Ассоциация Кыргызстандын рыногун изилдөөгө ниеттенип, ошондой эле Кыргыз Республикасынын химиялык өндүрүш менен алектенген компаниялары менен кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий