• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстан өзүн негизги азык-түлүктүн 5 түрү менен толук камсыздай алат - Жаныбеков

Экономика 0

Бишкек, 29.09.23. /Кабар/. Кыргызстан өзүн негизги азык-түлүктүн 5 түрү менен толук камсыздай алат, деп билдирди айыл чарба министри Жаныбек Аскарбеков бүгүн, 29-сентябрда Жогорку Кеңештин “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик тобу менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында.

Министр быйыл Кыргызстан картошка менен өзүн 100% камсыздай аларын белгиледи.Анын айтымында, бүгүнкү күндө 670 миң тонна кант кызылчасы жыйналып, эми кайра иштетилет. Ошентип, кант менен камсыздоо 82,7% түзөт. Ал эми республика боюнча сүт азыктары менен камсыз болуу 100%дан ашууда.

"Эгерде биз мурда тамак-аштын 3 түрү менен, анын ичинде эт жана кант менен 85% камсыз кылсак, быйыл эт жана кант менен 88% камсыз болдук. Бүгүнкү күндө биз өзүбүздү 9 негизги азык-түлүктүн бешөөсү менен толук камсыздай алабыз", - деди министри.

Ал белгилегендей, Чүй облусунда суунун тартыштыгынан жана кант кызылчасына, жүгөрүгө, малинага жана кулпунайга көбүрөөк жер бөлүнгөндүктөн көп жылдык өсүмдүктөрдү өндүрүү деңгээли төмөндөгөн.

Пикир

Оставить комментарий