• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда аз жана эң көп пенсия алган облустар айтылды

Экономика 0

Бишкек, 11.06.19. /Кабар/. Бишкекте орточо пенсиянын көлөмү 7 миң 854 сомду түзөт. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинде өткөн маалымат жыйынында социалдык статистика бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Рахманова билдирди.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда пенсиянын көлөмү 5 миң 133 сомду түзөт, Талас облусунда - 5 миң 152 сом, Жалал-Абад облусунда - 5 миң 249 сом, Ысык-Көл облусунда - 5 миң 423 сом, Ош облусунда - 5 миң 214 сом, Нарын облусунда - 6 миң 51 сом, Чүй облусунда - 5 миң 655 сом.

"Жалпысынан мамлекеттик бюджеттен калкты социалдык жактан коргоо үчүн 30 млрд. 374 млн. сом сарпталат, башкача айтканда, ИДПнын 5,5% түзөт", - деди Рахманова.

Пикир

Оставить комментарий