• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда Азия эл аралык кинофестивалынын статуясынын эскиздерине сынак жарыяланды

Маданият 0

Бишкек, 20-апрель /Кабар/. Кыргызстанда Лос-Анжелестеги Азия эл аралык кинофестивалынын статуясынын эскизине сынак жарыяланды. Бул тууралуу КР кинематографисттер Биримдиги билдирди.

Статуя ак илбирсти чагылдыруусу керек. Эскизди иштеп чыгууда бекитилген үлгү колодон куюла тургандыгын эске алуу зарыл.

Эмгектер макеттер, скульптуралык моделдер же 3D-графика түрүндө кабыл алынат. Ошондой эле, статуяда кинофестивалдын «Asian World Film Festival» аталышы камтылышы шарт.

Жалпы байге фонду 75 миң сом.

Азия эл аралык кинофестивалы голливуд жана азиялык кино индустриясын байланыштырып, азия тасмаларын жайылтууга жана өнүктүрүүгө багытталган.

Кинофестиваль жыл сайын октябрда АКШнын Лос-Анжелес шаарында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий