Кыргызстанда доллардын курсу төмөндөөдө

Экономика 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Кыргызстандын Улуттук банкы доллардын расмий курсун төмөндөтүүнү улантууда.

Улуттук банк 6-июнга карата 1 доллардын расмий курсун 87,31 сом деңгээлинде бекитти, ошентип курс 0,26%га төмөндөдү. Евронун дагы курсу төмөндөп, 94,96 сом, рубль 98 тыйын, теңге 19 тыйындан сатылууда.

Коммерциялык банкттарда доллардын орточо курсу сатууда 87,99 сом, сатып алууда 87,17 сомду түздү.

Улуттук банк жыл башынан бери валюта рыногунан долларды сатып алуу боюнча 8 ирет интервенция жасады.

Пикир

Оставить комментарий