• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда коронавирустан дагы 3 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 03.06.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан дагы 3 адам каза болду. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, каза болгон бейтаптардын экөө Ош облусунун, бирөө Нарын облусунун тургуну болот. Каза болгондордун кошумча оорулары болгон.

“Ош облусунда 59 жаштагы биздин кесиптеш, фтизиатр дарыгер ушул дартка кабылып, бүгүн жоготууга туш болдук. Кесиптешибиз апрель айынан бери пневмония болгон бейтаптарды кабыл алып, дарылоо жүргүзүп келген. Ал коронавирус жугузуп алып, оору оор түрдө өткөн. Жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, көрүлгөн иш-чараларга карабай ал каза болду. Экинчи каза болгон бейтап Ош облусунун Кара-Суу районунун 55 жаштагы тургуну. Ал 27-майдан бери ооруканада жаткан. Ал былтыр жүрөгүнө стент койдуруп операция жасатыптыр. Дагы бир каза болгон 84 жаштагы бейтап ооруканада дарыланып жатып, коронавирус жуктуруп алган. 25-майда анын ал-акыбалы начарлап, интенсивдүү терапияда кармалып келген. Кечээ абалы кескин түрдө оорлоп, ал бейтап каза болду”, - деди Үсөнбаев.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 3-июнга карата коронавирус жуктурган 26 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 1871ди түзөт. Алардын ичинен 1265 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 20 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий