• 87.32
  • 94.96
  • 0.98

Коронавирус жуктурган Нарын шаарынын вице-мэри үйгө чыгарылды - Үсөнбаев

COVID - 19 0

Бишкек, 03.06.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Коронавирус жуктурган Нарын шаарынын биринчи вице-мэри Давид Курманов ооруканадан үйгө чыгарылды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары, өлкөнүн башкы санитардык дарыгери Нурболот Үсөнбаев билдирди.

“Курманов үйүндө да медициналык көзөмөлдө болот. Тийиштүү убакыт өткөндөн кийин штаттык негизде жумушка чыгат. Ал эми мэрия учурда кадимки тартипте иштеп жатат”, - дейт Үсөнбаев.

Эскерте кетсек, буга чейин Нарын шаарынын мэриясы шаардын биринчи вице-мэри коронавирус жуктуруп алганын, ага байланыштуу Нарын шаардык мэриясынын имараты карантинге жабылып, жетекчилиги жана кызматкерлери аралыктан иштеп жатканын билдирген. Ошондой эле биринчи вице-мэр менен байланышта болгондордун баары аныкталып, алардан анализ алынган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус илдетин жуктурган 1871 учур катталды. Алардын ичинен 365и медицина кызматкери. Илдеттен 1265 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 20 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий