• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанда санариптик документтер юридикалык күчкө ээ болду

Коом 0


Бишкек, 13.01.23. /Кабар/. 2022-жылдын 30-декабрынан тарта Кыргызстанда санариптик документтер юридикалык күчкө ээ болду. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов өзүнүн видео кайрылуусунда билдирди.

Анын айтуусуна караганда, санариптик документтер убакытты үнөмдөп, жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.

Министрдин кайрылуусунда мындай деп айтылат:

"2022-жылдын 30-декабрынан тарта Кыргызстан боюнча Санариптик документтер юридикалык күчкө ээ болду.

Санариптик документ убакытты үнөмдөп, жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзөт. Кошумчалай кетсем, Санариптик документтер жогорку деңгээлдеги коопсуздук менен камсыздалган.

Андан тышкары, жарандар “Түндүк” тиркемесинин жардамы менен өз смартфонунан эле мамлекеттик органдарга, расмий кызматтарга, юридикалык жана жеке жактарга санариптик форматта өздөрүнүн документтерин көрсөтө алат. Мисалы, сиз Жол Кайгуул кызматынын кызматкерлерине смартфонуңузду ачып эле, өзүңүздүн айдоочулук күбөлүгүңүздүн же паспортуңуздун санариптик версиясын көрсөтө аласыз.

Өздүк документтин санариптик версиясын колдонуу үчүн жаран Бирдиктүү идентификация тутумуна катталышы керек. Ошол эле учурда жаранда электрондук санариптик кол тамгасы болушу шарт. Ал кол тамганы жаран каалаган Калкты тейлөө борборунан акысыз ала алат.

Андан кийин жаран өзүнүн уюлдук телефонуна AppStore же PlayMarket аркылуу “Түндүк” уюлдук тиркемесин жүктөп, андан кийин мобилдик тиркемеге электрондук санариптик кол тамганын жардамы менен катталып, “Санариптик документтер” бөлүгүнө өтүшү керек.

Урматтуу жарандар, санариптешүү мамлекеттик органдан гана көз каранды эмес, санариптешүүдө жарандардын сунушталган санарип кызматтарды колдоно билүүсү өтө маанилүү. Биз комплекстүү жана бирдиктүү иш аракет менен гана санарип ыңгайлуулуктарынын жаңы деңгээлине жете алабыз. Ошондуктан баарыңыздарды санарип документтериңизди колдонууга чакырам".

Пикир

Оставить комментарий