• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстанда сутка ичинде 23 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 16.09.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 23 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 25 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкектин Скрябин көчөсүндөгү №37 мектеп-гимназиянын аймагында 45 чарчы метр куураган чөп күйгөн. Чүйдүн Новопокровка айылында Volkswagen Т4 үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Ош облусунун Кара-Суу районунун Сары-Мазар айылында “Ошмедтехника” ААК кампасынын 20 чарчы метр чатыры жана 25 чарчы метр ички жасалгасы күйгөн.

Пикир

Оставить комментарий