• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Кыргызстанда вакцинанын бустердик дозасын бир күндө 2 миң 207 адам алды

COVID - 19 0

Бишкек, 02.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда коронавируска каршы вакцинанын бустердик дозасын (үчүнчү дозасын) бир күндө 2 миң 207 адам алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, анын ичинен Бишкекте – 229, Ошто – 224, Чүй облусунда – 162, Ош облусунда – 460, Талас облусунда – 67, Нарын облусунда – 148, Ысык-Көл облусунда – 143, Жалал-Абад облусунда – 633, Баткен облусунда – 141 адам эмделди.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2-февралга карата коронавирус 201 адамдан аныкталды.

Пикир

Оставить комментарий