• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

COVID-19 менен күрөшүү эсебине дээрлик 152 млн сом түшкөн

COVID - 19 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын аймагында коронавирус инфекциясы (COVID-19) менен күрөшүү боюнча иш-чараларын каржылоо үчүн жеке жана юридикалык жактардан ыктыярдуу жардам көрсөтүү түрүндө түшкөн акча каражаттары жана аларды бөлүштүрүүгө тийиштүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү төмөнкүлөрдү билдирет.

2020-жылдын 12-майына карата Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министирлигинин эсебине 137 млн 288 миң 648 сом түшкөн. Анын ичинен 134 млн 144 миң сом медициналык кызматкерлерге кошумча төлөм үчүн багытталган.

2020-жылдын 12-майына карата Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министирлигинин эсебине 17 млн 293 миң 262 сом түшкөн, анын ичинен 16 млн 139 миң 996 сом жумшалган.

Эсептердин абалы жана келип түшкөн финансы каражаттарын жумшоо тууралуу кеңири маалыматтар менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот: https://help.covid.kg/covid_help/view/main.xhtml

Пикир

Оставить комментарий