Бишкек, 30.11.20. /Кабар/. Кыргызстандын бийлиги өлкөдөгү жогорку окуу жайларды жаңы жылдан кийин ачышы мүмкүн. Бул тууралуу вице-премьер-министр Эльвира Сурабалдиева өзүнүн Twitter`деги баракчасында жазган.
Сурабалдиеванын маалыматына таянсак, бала бакчалар боюнча маселе каралууда.
Эске сала кетсек, 2020-жылдын март айынын аягында коронавирустук инфекцияга байланыштуу өлкөдөгү ЖОЖдор жабылган.
Пикир
Оставить комментарий