• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандык куткаруучулар Казакстанда өтүп жаткан эл аралык мелдешке катышууда

Коом 0

Бишкек, 14.09.23. /Кабар/. Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучу тобу коңшу Казакстанда өтүп жаткан “Казкуткару-2023” эл аралык мелдешине катышууда. Бул тууралуу КР ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Куткаруучулар арасында өтүп жаткан мелдеш күн мурун, 13-сентябрда старт алган.

Масштабдуу мелдешке Кыргызстан, Азербайжан, Венгрия, Казакстан жана Өзбекстандын куткаруучулары катышууда.

Машыгуунун ачылыш аземинде беш өлкөнүн өкүлдөрүнө авариялык-куткаруу кызматтарынын кыйраган имараттарда жана курулуштарда, тоолуу аймактарда издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү, аба жана темир жол транспортундагы, химиялык кооптуу объектидеги кырсыктарды жоюу, өрттү өчүрүү жана сууда жабыркагандарды куткаруу боюнча практикалык иш-аракет көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, бул иш-чара издөө-куткаруу иштерин жүргүзүү көндүмдөрүн жогорулатуу, ошондой эле мелдештин катышуучуларынын тажрыйба алмашуу жана кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында өткөрүлүүүдө.

Куткаруучулардын эл аралык мелдеши 20-сентябрга чейин уланат.

Пикир

Оставить комментарий