• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Кыргызстандык ырчы Youth vision-2017 музыкалык сынагында 2-орунду ээледи

Маданият 0

Бишкек, 24-апрель /Айжамал Дуйшоева-Кабар/. Кыргыстандык ырчы НурЧолпон Баку шаарында (Азербайжан) өткөн Youth vision-2017 музыкалык сынагында 2-орунду ээледи. Бул тууралуу сынактын расмий сайтында жарыяланды.

Сынакта НурЧолпон өзүнүн “Эркиндик” аттуу автордук чыгармасын аткарып, Грузиялык ырчыдан гана артта калып 100 балл топтой алды.

Ырчынын өзүнүн айтымында, бул башталышы гана. “Биз лидерлер үчтүгүндө 2-орунду алып, жеңишке жеттик. Бир ыр менен аткаруучунун бардык мүмкүнчүлүгүн баалоо өтө кыйын. Ошондой болсо да мен өзүмдүн ишимди ийгиликтүү аткардым жана бул башталышы гана экенине терең ишенем”,-деп кубанычы менен бөлүштү НурЧолпон.

Пикир

Оставить комментарий