• 87.86
  • 93.94
  • 1

Кыргызстандын ЕАЭБге кириши өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө оң таасир берди

ЕАЭБ 0

Бишкек, 19-апрель /Кабар/. Москвадагы Россия Федерациясынын Федералдык Жыйыны менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ортосундагы кызматташуу боюнча Парламенттер аралык комиссиясынын Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) өкүлдөрүнүн катышуусундагы жыйынынын катышуучулары Кыргызстандын экономикасына тийгизген евразиялык интеграциянын оң таасирин белгилешти.

“Кыргызстандын экономикасынын 2016-жылдагы 3,8% өсүшү Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) өлкөлөрүнүн ичинен эң жогорку болуп саналат, - деп белгиледи ЕЭК интеграцияны өнүктүрүү Департаментинин директорунун орун басары Римма Киселева. – Биздин божомолдор боюнча Кыргызстандагы бул өсүш ылдамдыгы үстүбүздөгү жылы да сакталууда. Бул кыргыз ишкерлиги бирдиктүү биримдик рыногунда жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып жатканына байланыштуу”.

Римма Киселеванын айтымында, евразиялык интеграциялык долбоорго катышуу Кыргызстанды соода-экономикалык өнүгүүнүн жаңы деңгээлине алып чыкты: быйылкы жылдын январь-февралында эле республиканын ЕАЭБ боюнча өнөктөштөрү менен соода көлөмү 7,5%га өсүп, 331,3 млн долларды түзгөн.

Биримдикке мүчөлүктөн карапайым жарандар да утушка ээ болушту. Эмгек мигранттары үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндө ишке орношуу жеңилдетилип, биримдиктин мыйзамы аркылуу социалдык укуктар кепилденди.

ЕЭК басма сөз кызматы

Пикир

Оставить комментарий