• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

“Мүчүлүштүктөр”. Таластагы “Бала-Саруу” ГЭСи кийинки жылы ишке берилет

Аймак 0

Бишкек, 13.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Таластагы “Бала-Саруу” ГЭСи 2023-жылдын аягында ишке берилет. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Улуттук энергетикалык холдингдин башкармалыгынын төрагасы Талайбек Байгазиев билдирди.

“Таластагы “Бала-Саруу” ГЭСинин биринчи агрегаты план боюнча ушул жылдын декабрында ишке берилмек болчу. Бирок курулушта жер астындагы суулар чыгып мүчүлүштүктөр болуп калды. Кийинки жылдын аягында ГЭСтин үч агрегаты ишке берилет”, - дейт ал.

Эскертке кетсек, президент Садыр Жапаровдун катышуусундагы министрлер кабинетинин отчету угулуп жатканда мурдагы энергетика министри Доскул Бекмурзаев “Бала-Саруу” ГЭСинин биринчи агрегаты ушул жылдын 22-декабрында ишке берилерин айткан.

Анын айтымында, аталган ГЭСтин курулушуна австриялык компания тарабынан 2 млн евродон ашык каражат которулган.

“Талас облусундагы “Бала-Саруу” ГЭСинин 5 мегаваттык (МВт) биринчи агрегаты ушул жылдын 22-декабрында ишке берилет. 2023-жылдын 1-апрелинде калган эки агрегаты бүткөрүлүп, толугу менен иштей баштайт”, - деген Бекмурзаев.

Садыр Жапаров 2021-жылдын 29-августунда өзү “Бала-Саруу” жаңы ГЭСинин курулушуна капсула салган.

“Бала-Саруу” ГЭСин куруу долбоору жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт болгон үч генераторлуу ГЭСтин курулушун ичине камтыйт. Ал жылдык орточо 92 миллион кВт саат электр энергиясын өндүрөт.

Пикир

Оставить комментарий