• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Мекендештер Москвада терезеден кулаган кыргызстандыкка акча чогултууда

Коом 0

Бишкек, 09.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Фейсбук колдонуучулары Москвада терезеден кулаган кыргыз кызынын операциясына акча чогултууда. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчигининин басма сөз кызматы билдирет.

Дипөкүлчүлүктүн маалыматына ылайык, 1989-жылы туулган Жаркынай Юсупова 1-январда бешинчи кабаттын терезесинен парданы оңдоп жатып кулап кеткен.

Сыныктар бөлүмүнүн дарыгери анын абалын оор деп баалап, ага тез аранын ичинде операция жасашкан.

Юсупованын толук айыгып кетиши үчүн кошумча операция талап кылынат.

Бирок медициналык камсыздандыруу полисинин жоктугуна байланыштуу дарыланууга каражат жабырланычуунун эсебинен жүргүзүлөт.

Элчилик абалды көзөмөлдөп турат.

Акча которуу үчүн ревизиттер.

СБЕРБАНК:
4276 3800 5221 4405 Асель Лабаева

Пикир

Оставить комментарий