• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто эт кымбаттады. Мэр бааны арзандатуу үчүн тийиштүү жетекчилерге тапшырма берди

Коом 0

Ош, 09.01.18. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Кечээ, 8-январда Ош шаарындагы баардык мекеме ишканалардын жана мэриянын бөлүм башчыларынын катышуусунда аппараттык жыйын болду. Жыйындын негизги максаттарынын бири Ош шаарында сатылып жаткан эттин баасын арзандатып, туруктуу баага коюу,-деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев борбордук базарда жана кичи базарларда сатылып жаткан уйдун жана койдун эти 330 сом болуп жаткандыгын, бул кымбат экендигин айтып, шаардыктардын капчыгына оор деп билдирди.

“Этке болгон баа жогорулап жатат. Шаардыктардан келип түшкөн арыз-дооматтарда жок эмес. Ошондуктан бир жума ичинде тийиштүү кызматтар эт баасын калькуляция кылып, эсебин чыгарып, туруктуу баа коюп бергиле”, - деди А.Кадырбаев.

Эттин баасын арзандатуу, так эсебин чыгаруу максатында тийиштүү кызматтардан жана Ош шаары КРнын Өкмөтүнө караштуу монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин Ош шаардык бөлүмүнөн түзүлгөн атайын комиссия түзүлүп, текшерүүгө алынат.

Белгилей кетсек, азыркы учурда бир киллограммга болгон уй этинин дүң баасы 290 сом, ал эми чекене баасы 330 сомду түзөт.

Пикир

Оставить комментарий