• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

МКК 1994-жылкы үлгүдөгү паспортту алмаштыруунун зарылдыгы тууралуу эскертет

Коом 0

Бишкек, 24-март /Кабар/. КРнын Мамлекеттик каттоо кызматы 1994-жылкы үлгүдөгү паспортторду алмаштыруунун зарылдыгы тууралуу эскертет.

МККнын басма сөз кызматы билдиргендей, КРнын Өкмөтүнүн 2016-жылы 18-ноябрдагы №598 буйругуна ылайык, 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттор 2017-жылы 31-мартка чейин жарактуу болот. Ошентип, 1-апрелден тартып алар толугу менен юридикалык күчүн жоготуп, жараксыз деп эсептелинет.

КР жарандарын 2004-жылкы үлгүдөгү улуттук паспорт (ID-card) менен камсыз кылуу максатында 2015-жылы августтан тарта Мамлекеттик каттоо кызматы 60 жашка чыккан жана андан ашкан жарандарга акысыз паспорт берүү боюнча кампания жүргүзүп келет. Аталган акцияга ылайык, 60 жашка чыккан 1994-жылкы үлгүдөгү паспорттун ээлери акысыз негизде жеңилдетилген тартипте КР жаранынын улуттук паспортун (ID-card) ала алышат.

1994-жылкы үлгүдөгү паспорттун бардык ээлери паспортту өз убагында алмаштыруу үчүн катталган жери боюнча райондук паспорт-визалык жана каттоо иштери боюнча бөлүмгө, андан тышкары Бишкек шаарынын, Жалал-Абад, Баткен жана Чүй облустарынын паспорт-визалык жана каттоо иштери боюнча бөлүмүнө кайрылышса болот.

Муну менен катар МККнын бардык паспорт бөлүмдөрүндө ден соолугуна байланыштуу 1994-жылкы үлгүдөгү паспортун алмаштыруу үчүн документ тапшырууга келе албаган жарандарды көчмө документтештирүү боюнча ыкчам топ уюштурулган.

Пикир

Оставить комментарий