• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Баткенде жаштардын 20 социалдык демилгеси ишке ашырылат

Аймак 0

Бишкек, 24 марта /Кабар/. Баткен облусунун чек арага жакын айылдарында жаштардын 20 социалдык демилгеси ишке ашырылат. Бул тууралуу «Youth of Osh» коомдук бирикмеси билдирди.

Алардын маалыматы боюнча, минигранттардын программасы 14-18 жаштагы жаштар тарабынан тынчтык куруу, улуттар аралык достук, коңшулаштык жана этностор аралык толеранттуулукту жайылтуу максатында ишке ашырылат.

Эки айдын ичинде Лейлек районунун Жаңы-Жер, Кулунду округдарында, Баткен районунун Самаркандек, Ак-Татыр, Ак-Сай, Кара-Бак айылдарында Кыргызстан жана Тажикстандын чек арадагы айылдарынан жаштарды тартуу менен достук фестивалдары, спорттук иш-чаралар, жармаңкелер, акциялар, семинарлар, интеллектуалдык оюндар өткөрүлөт.

Иш-чаралар жаштар арасында коңшулаштык мамилелерди бекемдеп, жамааттар ортосунда ишенимди жогорулатып, чек ара мамилелерин чыңдоону өбөлгөлөйт.

Ошондой эле, тандоо сынагынан өткөн 20 өспүрүмгө кичи долбоорлорду ишке ашыруунун алдында семинар өткөрүлдү.

“Туруктуу тынчтык жана өнүгүү үчүн чек аралык кызматташуу” долбоору БУУ Балдар фонду (ЮНИСЕФ), Швейцария кызматташтык агенттиги жана БУУнун тынчтык орнотуу фонду тарабынан каржыланып, "Youth of Osh" коомдук бирикмеси жана КР өкмөтү аркылуу ишке ашырылат.

Пикир

Оставить комментарий