• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык уюмдардын лидерлери жана активисттер мекендештерге кайрылуу жасашты

Коом 0

Бишкек, 30.04.20. /Кабар/. Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык уюмдардын лидерлери жана активисттер мекендештерге кайрылуу жасашты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирет.

Төмөндө кайрылуунун текстин толугу менен беребиз;

Урматтуу мекендештер!

Элчиликте Москва шаарындагы кыргыз диаспорасынын лидерлери, активисттер элчиликтин алдындагы Штабдын мүчөлөрү менен жолугушуп, КРнын Өкмөтүнүн чечими менен Россия аймагында убактылуу жашап, иштеп жаткан мекендештерди колдоо максатында 10 млн. сом көлөмүндө бөлүнгөн финансылык жардамды элге таркатуу тартибин, коронавируска байланыштуу мекендештерибиздин азыркы абалын, жашоо шарттарын талкууладык.

Элчи А.Джекшенкулов буга чейин элчиликтин алдындагы Штабдын кыргыз диаспорасы менен биргеликте жасаган иштери, көрсөткөн жардамдары тууралуу кеңири маалымат берди.

КРнын Өкмөтү тарабынан берилген каражат бүгүнкү күнү коротула электигин, буга чейин диаспоралык коомдордун, элчиликтин кызматкерлеринин каражаттарынын жана кайдыгер карабаган мекендеш, өнөктөштөрдүн каражаттарынан азык-түлүк алынып, өтө муктаж жарандарга, студенттерге жардам көрсөтүлүп, убактылуу жатакана, хостелдерге каражат төлөнүп жатканы айтылды.

Жалпысынан буга чейин 1 млн 300 миң рубль сарпталган. Бул топтолгон каражатка алынган азык-түлүк, хостелге 1-майга чейин элге жетээрин белгиледи.

Учурдан пайдаланып, ушундай кыйын кырдаалда жардамын аябай көрсөтүп жаткан Кыргызстандык дарыгерлердин волонтердук тобуна, Штабдын Call-борборуна жана гуманитардык жардам берүүгө көмөктөшүп жаткан диаспоранын өкүлдөрү- волонтерлорго терең ыраазычылык билдирип кетебиз.

Россияда эпидемиологиялык кырдаалдын оор болуп жаткандыгына байланыштуу мекендештерди колдоо багытында элчилик бардык болгон аракеттерин жумшоо менен мүмкүнчүлүгүнө жараша дыкат иш алып барууда.

Өкмөт тарабынан бөлүнгөн 10 млн сомдун сапрталышын коомчулуктун көзөмөлүндө болуусу үчүн Штаб жана диаспора активдери менен бирге атайын комисия түзүлдү.

Урматтуу мекендештер, бөтөн эл, бөтөн жерде айрымдарыбыз ишсиз калып, айрымдарыбыз жашаган жерибиздин ижарасын төлөй албай, коронавирус илдетине чалдыккан мекендештерибиз медициналык жардамга муктаж болуп, жаш балдар тамак-аштан кыйналып турган оор убак болууда.

Бул апаат дүйнөнүн эң күчтүү, бай мамлекеттерин алсыз кылып, баарыбызды турмуштук сыноолордон өткөрүп жатат жана жалпы коомдун, улуттун канчалык бекемдиги да сыналып жаткан мезгил болууда.

Тилекке каршы, ушундай оор мезгилде биздин айрым мекендештерибиз кыйынчылыкты көтөрө албай, жеңил болуп, эмоцияга, ар кандай провокацияга алдырып, массалык маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда куру талаптарды коюп, тартипсиздин көрсөтүүдө.

Муну менен биз жалпы кыргыз элибиздин абройуна, сапаттарына шек келтирип жатабыз. Москва шаары, өзүңүздөр билгендей, улуу державанын борбору, маалымат майданынын очогу, бул жерде болгон бардык нерсе дүйнөгө тарайт, демек биз жаман жактарыбызды дүйнө элдерине көргөзүп жаткандай болуудабыз.

Урматтуу туугандар, мындай терс жоруктарыбызды, чыдамсыздыкты, тартипсиздикти кескин түрдө токтотолу. Дүйнө жүзүнө уят болбойлу.

Жамандыгын жашырып, жакшылыгын чыгарган кыргыз элинин даанышман эл экенин, Манас атанын балдары ата-бабаларыбыздын айткан акылман сөздөрүн, берген тарбиясын мыйзам катары кабыл алган улуу эл экендигин тастыктап, сабырдуулукту көрсөтөлү.

Москва шаарындагы кыргыз коомчулугу элчиликтин алдындагы Штаб менен биргеликте мүмкүн болгон бардык аракеттери менен жардам көрсөтүүнү уланта берет.

Ошону менен бирге урматтуу депутаттар, саясатчы, чиновниктер, мындай кыйын кырдаалда популизмге алдырбай, жөн эле баа бербестен, жопкерчилик менен мамиле кылып, чет жердеги кыргызстандыктарга туура, такталган маалымат берсеңиздер деп чакырабыз. Анткени Россиядагы мекендештер Сиздердин сөзүңүздөрдү, маалыматыңыздарды кунт коюп угуп, үмүттөнүп отурат. Сиздердин сөздөрүңүздөр элдин манайына, аң-сезимине, керек болсо, ден соолугуна таасир бериши мүмкүн. Ошондуктан Сиздер, элчилик жана биз менен биргелешип, элибиздин келечегин, тагдырын ойлоп иштиктүү бир аракет кылып, конкреттүү иш алып баралы. Кыргызстандын келечеги үчүн бүгүн сөздөн ишке өтүү заманы келди.

Урматтоо менен, баарыңарды сабырдулукка чакыруу менен,

Москва шаарындагы кыргыз диаспоралык уюмдардын лидер, активисттери:

1. Шакиров Абдыганы, «КЫРГЫЗ БИРИМДИГИ» аймактык уюмунун төрагасы
2. Жамиля Бегиева, “Мекеним Ала-Тоо” аймактык коомдук уюмунун төрайымы
3. Орозбаев Турдали Орозбаевич, коомдук ишмер
4. Медербек Абдуллаев, “Аксакалдар кеңешинин” төрагасы
5. Раимкул Аттокуров, “Орус-кыргыз стратегиялык жана коомдук демилгелерди колдоо борбору” уюмунун төрагасы
6. Асилбек Эгембердиев, http://kginfo.ru – талдоо-маалыматтык порталынын жетекчиси
7. Кубанычбек Кожоев, “Всероссийский кыргызский конгресс” аймактык уюмунун жетекчиси
8. Надыр Сооронбаев, «МУРАС-НАСЛЕДИЕ» аймактык уюмунун жетекчиси
9. Акматов Толкунбай «KG-RUSS» Кайрымдуулук фондунуну
10. Урмат Байматова «Фонд АЗИЯ» коомдук уюму
11. Нургуль Каимова, «ПАРИТЕТ» ЖЧК
12. Шамшар Чотонов, «АЛТЫН КАЗЫК» Аксы коому
13. Карим Төрөбеков, «МЕКЕНЧИЛДЕР» коомдук уюму
14. Балташов Максат, “Мундуз” коомунун жетекчиси
15. Джамбилов Чынгызбек, “Өзгөн” коомунун жетекчиси
16. Акматов Толкунбай «KG-RUSS» Кайрымдуулук фондунун жетекчиси
17. Лабаева Асель Лабаевна, «KG-RUSS» Кайрымдуулук фондунун
18. Омурбек Осмонов, “Нарын-Теңир тоо” коомунун төрагасы
19. Жаныбеков Жанарбек, “Алай ” коомунун жетекчиси
20. Сарыбаев Таалай, “Ысык-Көл ынтымак” коомунун жетекчиси
21. Маразыков Акбар, “Ысык-Көл ынтымак” коомунун өкүлү
22. Алимбаев Лунарбек, “Көк Жаңгак” коомунун жетекчиси
23. Андашов Азамат “Базар-Коргон” коомунун төрагасы
24. Тажибаев Исабек, “Кадамжай” коомунун жетекчиси
25. Асранкулов Нурали, “Кара-Кулжа” коомунун жетекчиси,
26. Алиев Жаныш, “Кара-Суу” коомдук уюмунун жетекчиси
27. Чыныбеков Эрмек, “Талас ынтымагы” комунун мүчөсү
28. Эшанова Эльмира, “Баткен биримдиги” коомдук уюмунун жетекчиси
29. Иманалиев Алтай, “Чүй” коомунун жетекчиси
30. Курбаналиев Шайлообек, “Тамаша” айылдык комунун жетекчиси
31. Ысманов Чынгыз, “Жаңы Кызыл-Суу” коомунун жетекчиси
32. Сагынбай Расулов, “Лейлек” коомунун жетекчиси
33. Жаманбаев Бакытбек, “Кара-Көл” коомунун жетекчиси
34. Салахунов Марсель, Табарман клубунун жетекчиси
35. Курбаналиев Нурбек , Көк Бөрү федерациясынын өкүлү
36. Эрназаров Талантбек, “Чаткал” коомунун төрагасы
37. Жумадилов Эдилбек, “Ак-Талаа” коомунун жетекчиси
38. Надиев Нуржан, “Токтогул” коомунун жетекчиси
39. Нурматов Зулпидин, “Кызыл-Булак” коомунун жетекчиси
40. Нурлан Мамытов, “Ноокат” коомунун жетекчиси
41. Кабатаев Жумагул, “Тогуз-Торо” коомунун жетекчиси
42. Турдиев Абибилла, “Кызыл-Кыя” коомунун жетекчиси
43. Кубанычбеков Нурбек, “Мен макул эмесмин” кыймылынын жетекчиси
44. Сандыбаев Максат, “Бакай-Ата” коомунун жетекчиси
45. Алиев Каныбек, “Баткен” коомунун жетекчиси
46. Мамасали уулу Элеман, “Чоң Алай” коомунун жетекчиси
47. Искендеров Максат, Таш-Көмүр коомунун жетекчиси
48. Оролбаева Айгерим, “Жаңы коом” уюмунун жетекчиси.

Пикир

Оставить комментарий