• 87.3
  • 94.96
  • 0.98

Москвада мекендештеринен акча опузалаганга шектелип кыргызстандыктар кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 18.01.23. /Кабар/. Москвада мекендештеринен акча опузалаганга шектелип Кыргызстандын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 11-январда болжол менен саат 02:00дөр чамасында Москва шаарынын аймагынан белгисиз төрт адам Кыргызстандын жаранын унаага отургузуп, сабап, акча каражатын жана башка буюмдарын тартып алышкан. Андан соң “өлтүрөбүз” деп коркутуп 100 миң рубль берүүсүн талап кылышкан.

Аталган факты каттоого алынып, РФ Кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесинин 2-бөлүмү (“Адам уурдоо”) жана 163-беренесинин 2-бөлүмү (“Опузалап талап кылуу”) менен кылмыш иши козголгон.

Кылмыш ишинин алкагында Кыргызстандын жарандарынан турган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалган. Алар - “Аза большой” каймана аттуу Базар-Коргон районунун 31 жаштагы Ж.А. (ал эле Э.А.) жана 31 жаштагы О.уулу Э. аттуу тургундары, Лейлек районунун 35 жаштагы С.А. аттуу тургуну, Талас районунун Ж.Н. аттуу тургуну болушкан.

Тинтүү жүргүзүү учурунда шектүүлөрдүн биринен тапанча жана бычак табылган.

“Кармалгандардын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар экендигин, ошондой эле кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүн аныктоо максатында полициянын аймактык бөлүмдөрү менен тыгыз кызматташууну улантууда. Жогорудагы кылмыштуу топтордон жапа чеккен жарандарды аныктоо боюнча иштер жүрүп жатат.

Анткени мекендештерге жасалган бул кол салуу биринчи гана окуя эмес. Жогорудагы адамдардын мыйзамсыз аракеттеринен жапа чеккен жарандар ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө +7 926 890-87-00 телефону аркылуу кайрылууну өтүнөбүз. Купуялуулукка кепилдик берилет”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий