• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Мугалимдердин август конференциясына карата даярдыктар талкууланды

Билим 0

Бишкек, 11.08.21. /Кабар/. Мугалимдердин август конференциясынын алдында Кыргыз билим берүү академиясынын кызматкерлери облустук билим берүү институттарынын, райондук/шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн/мекемелердин жетекчилери менен онлайн жолугушууну башташты. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, онлайн жолугушуулар учурунда август кеңешмелерине карата предметтик мугалимдер менен талкуулар жүрүп жатат, бул мугалимдердин методикалык даярдыгын күчөтүүгө жана 2021/2022-окуу жылын ийгиликтүү баштоого мүмкүнчүлүк берет.

Кыргыз билим берүү академиясынын вице-президенти У. Мамбетакуновдун айтымында, мындай жолугушуулар жыл сайын өткөрүлүп турат.

Быйыл да мектеп предметтерин окуп-үйрөнүүнүн жана окутуунун өзгөчөлүктөрү талкууланат, билим берүү маселелери боюнча методикалык сунуштар берилет жана пикир алмашуу жүргүзүлөт.

Пикир

Оставить комментарий