• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Мурас-Ордо конушунда 280 орундуу бала бакча курулат

Коом 0

Бишкек, 27.09.23. /Кабар/. Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы Мурас-Ордо конушундагы 280 орундуу бала бакчанын курулушуна конкурс жарыялады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, жер участогунун аянты 1,6 гектарды, ал эми имараттын аянты 2700 чарчы метрди түзөт.

280 орунга эсептелген бала бакчанын сметалык наркы 218 мн 229 миң 539,94 сомду түзүп, шаардык бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Сынак тууралуу толук маалымат мамлекеттик сатып алуулар порталында жарыяланган: www.zakupki.gov.kg

Пикир

Оставить комментарий