• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нью-Дели шаарында Ч.Айтматовдун «Жамийла» повести боюнча спектакль коюлду

Маданият 0

Бишкек, 11.02.20. /Кабар/. 10-февраль күнү Индиянын Нью-Дели шаарында Shri Ram Centre сахнасында улуу кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун «Жамийла» повести боюнча спектаклдин коюлду. Бул тууралуу Кыргызстандын Индияданы элчилигинен билдиришти.

Эчлиликтен белгилешкендей, спектакль бул күндөрү Нью-Дели шаарында өтүп жаткан «Bharat Rang Mahotsav» аттуу 21-эл аралык Индиянын театр фестивалынын алкагында Калькутта шаарынын театралдык тобу тарабынан коюлган.

Спектаклди койгон режиссер Плабан Басу чыгарма боюнча ою менен бөлүшүп жатып: «Режиссер катары бир нече кыйынчылыктарга туш болдум. Чыгармада көптөгөн кинематографиялык элементтер бар. Бул пьесада аялдын өзүнүн сүйүүсүн эркин билдирүүсү үчүн болгон күрөшү жөнүндө айтылды. Ошол үчүн пьесанын үстүндө режиссер катары иштөө бир жагынан тажрыйба жана экинчи жагынан жетишкендик болду», - деген.

Көрүүчүлөрдүн катарында Кыргызстандын Индиядагы элчиси А.Исаев да болуп, соңунда ал чыгармачыл топко ыраазычылык билдирген.

Спектакль хинди тилинде коюлуп, 2 саат 10 мүнөткө созулган.

Пикир

Оставить комментарий