• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нарын облусунда "Тилектештик автобусу" акциясы өз ишин аяктады

Аймак 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. 6-июлда “Тилектештик автобусу” долбооруна тартылган адвокаттар жана мамлекеттик органдардын кызматкерлери тарабынан Нарын облусунун Жумгал районундагы Миң-Куш жана Көк-Ой айылдарынын жашоочуларына 80 акысыз укуктук консультациялар берилди.

Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, калк менен жолугушуу Турусбек уулу Султан атындагы орто мектебинде жана Э. Акматалиев атындагы маданият үйүнүн базасында өттү.

Жергиликтүү тургундар негизинен пенсияларды жана жөлөк пулдарды чегерүү маселелери боюнча, жер участокторун берүү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, паспорт жана башка документтерди алуу, жана башка маселелер менен кайрылышкан.

Ушуну менен “Тилектештик автобус” долбору Нарын облусунда аяктады.

Пикир

Оставить комментарий