• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нарындын губернатору көмүр жетишпейт деген депутаттын маалыматын төгүндөдү

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 23.11.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов көмүр жетпейт деп айткан депутаттын маалыматын төгүндөдү.

Эске сала кетсек, бүгүн пармаленттин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаев ага 30 адам кайрылып, Нарында көмүр жетишпей тургандыгы тууралуу айтышкан.

“Кабар” агенттигине Кайыпов билдиргендей, депутаттын айткан маалыматы чындыкка туура келбей тургандыгын айтты.

“Бардык облус боюнча көмүрдүн тоннасы 3 миң 500 сомдон сатылууда. Дефицит жок. Анын үстүнө учурда элдер жылуу аба ырайына байланыштуу аз сатып алышууда. Нарын шаарынын мэриясы тарабынан көмүр 3 миң 200 сомдон сатыла турчу үч жай иштөөдө. Мэрия кайсы жерде көмүр сатыла тургандыгы тууралуу маалыматты облустук канал аркылуу көрсөтүп жатабыз”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий