• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нурболот Мирзахмедов Кочкор-Ата шаарындагы обсервацияга даярдалган орундуктардын абалы менен таанышты

Аймак 0

Бишкек, 01.05.20. /Кабар/. Жалал-Абад облусунун башчысы Нурболот Мирзахмедов Кочкор-Ата шаарындагы обсервацияга даярдалган орундуктардын абалы менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Билдирүүгө ылайык, күн мурун, 30-апрелде, облус жетекчиси Мирзахмедов Кочкор-Ата шаарында даярдалган 100 орундуу обсервацияны жеринен кѳрдү. Аталган мекеменин абалы менен таанышып чыгып, башкы дарыгер менен район акимине бир нече тапшырмаларды койду.

- Дезинфекция жумуштарын кылдаттык менен аткаруу;
- Антисептикалык залалсыздандыруу каражаттарын колдонуу;
- Ар-бир келип түшкѳн жаранга жакшы мамиле кылуу;
- Тамак- ашын ѳз убагында берүү.

Ошондой эле бардык санитардык-гигиеналык нормаларды сактоо негизинде иш алып барышын талап кылган. Өкүлчүлүктөн кошумчалашкандай, учурдагы даярдалып жаткан обсервация чет ѳлкѳдѳн келген кыргызстандыктарды камсыздоого камдалган.

Пикир

Оставить комментарий