• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Нурсултан Кеңешбеков Беларустагы чемпионатта эки күмүш медаль жеңип, өлкө рекордун жаңылады

Спорт 0

Бишкек, 28.02.22. /Кабар/. Жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын улуттук курама командасынын мүчөсү Нурсултан Кеңешбеков Беларустагы өлкө чемпионатында 1500 метр жана 3000 метр аралыктарында чуркап, 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик департаментинен билдиришти.

Чемпионат 25-26-февраль күндөрү Минск шаарында өттү.

Жарышта 1500 метр аралыктын (3:46:50) жана 3000 метр аралыктын (7:57:61) жыйынтыгы менен Нурсултан Кеңешбеков Кыргызстандагы рекордун жаңылады.

Белгилей кетсек, буга чейинки рекорд боюнча 1500 м — 3:49:60 (2021-жыл) жана 3000 м — 8:08:51 (2004-жыл) болгон.

Пикир

Оставить комментарий