• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто эл аралык илимий-практикалык конференция өттү

Аймак 0

Бишкек, 02.06.22. /Кабар/. Бүгүн, 2-июнда "Илимдин, билимдин жана өндүрүштүн алакалашуусундагы көйгөйлөр" аттуу эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КР президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов, улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары, ЖОЖ ректорлору, ишкерлер жана Казакстан, Өзбекстан республикасынан коноктор катышты.

Конференциянын алкагында “Ош облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү,илим менен өндүрүштүн айкалышы ” аталышындагы тегерек стол өткөрүлдү.

Ошондой эле Жаратылыш ресурстарын өздөштүрүүдөгү көйгөйлөр, маалыматтык технология, энергетика, курулуш,агро өнөржай жана инновациялык технологияларды өнүктүрүү,экологиялык, экономикалык жана социалдык көйгөйлөрдү чечүү жолдору, билим берүү тармагы боюнча бир нече докладтар окулду.

Аталган эл аралык илимий-практикалык конференциясынын жыйынтыгында резолюция кабыл алынды.

Пикир

Оставить комментарий