• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Ошто инвестиция тартуу, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча талкуу болду

Аймак 0

Бишкек, 17.04.18. /Кабар/. Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев Кыргыз Республикасынын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директорунун орун басары Шумкарбек Адилбек уулу баштаган Агенттиктин кызматкерлери менен жолукту.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу бүгүн, 17-апрелде өткөн.

Жолугушуунун жүрүшүндө Ош шаарына инвестицияларды тартуу, кичи жана орто бизнести өнүктүрүү боюнча талкуу болду.

А.Кадырбаев Ош шаарынын 2016-2020-жылдардагы өнүгүү программасын аткаруунун алкагында инвестицияларды тартуу, кичи жана орто бизнести колдоо, аларга жагымдуу шарттарды түзүп берүү, инвестициялык климатты жакшыртуу Ош шаарынын мэриясынын негизги милдети экендигин жана бул багытта тийиштүү жумуштар аткарылып жаткандыгын билдирди.

Өз кезегинде Ш.Адилбек уулу инвестициялык климаттын түзүлүшү аймактарга баланыштуу болгондуктан, региондордогу инвестиция багытындагы жумуштарды күчөтүү керектигин билдирди.

“Өлкөдөгү инвестициялык климаттын түзүлүшү аймактарга баланыштуу болот. Аймактардын инфраструктурасы, экономикалык абалы, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн инвесторлорго болгон мамилесине жараша болот. Ошондуктан бул багытта иштерди тереңдетүү, күчөтүү максатында алгач Ош шаарына келдик. Биз жергиликтүү бийлик өкүлчүлүгүндөгү тийиштүү кызматкерлер, бөлүмдөр менен тыгыз иш алып барууну, аларга агенттик тарабынан ар кандай маалыматтарды, кеңештерди берүүгө даярбыз. Мындан сырткары ишкерлерге инвесторлорду табуу, продукциясын экспортко чыгаруу боюнча көмөктөшөбүз”,-деди ал.

Пикир

Оставить комментарий