• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Быйыл Түп районунда 8 миң "акылдуу" эсептегич орнотулат

Аймак 0

Бишкек, 19.04.24. /Кабар/. Түп районунда 2024-2025-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдык кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда Түп РЭТинин кызматкерлери абоненттерге акылдуу эсептегичтерди орнотууда. 2024-жылы жалпысынан 8 миң акылдуу эсептегич орнотулат.

Түп райондук электр тармактары 2024-жылы электр менен камсыздоонун сапатын жакшыртуу максатында жалпы узундугу 10000 метр келген заманбап СИП зымдарын орнотушат.

Ошондой эле 2 комплекттүү 10 кВ трансформатордук көмөкчордондор орнотулуп, узундугу 6500 метрден ашык 0,4 кВ электр чубалгылары тартылып, 225 даана темир-бетон таянычтарын орнотуу пландалууда.

Мындан тышкары 40 чакырым электр чубалгысы жана 42 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлөт.

Авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу үчүн узундугу 38 чакырым болгон электр чубалгысынын боюндагы бутактарды кыюу пландаштырылууда.

Ысык-Көл электр тармактар ишканасынын пландалган жумуштардын жана техникалык тейлөөнүн графиги тууралуу билдирүүлөр Ысык-Көл электр тармактарынын официалдуу сайтында жана Facebook, Instagram социалдык тармактарындагы баракчаларында жайгаштырылат. Ошондой эле “Мой свет” тиркемесине билдирүүлдөр келет.

Электр энергиясы менен камсыздоо боюнча бардык суроолор боюнча колл-борборго кайрылыңыз:

  • колл-борбору : 105; 1209
  • Beeline: +996 772 00 1209
  • MegaCom: +996 556 00 1209
  • O! : +996 702 00 1209

Пикир

Оставить комментарий