• 87.55
  • 95.26
  • 0.98

Ошто Ленинград блокадасынын курчоодон бошотулган күнүнө карата митинг-реквием өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Ош шаарында блокададагы Ленинграддын бошотулганынын 80 жылдыгына карата бир катар иш-чаралар өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Митинг-реквиемге Ош шаарынын мэриясынын, Орусиянын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун, Ош шаарындагы Орус үйүнүн, Ооган согушунун ардагерлер кеңешинин, Кыргызстан элдеринин достугу ассамблеясынын жана башка коомдук уюмдардын өкүлдөрү ошондой эле мектеп окуучулары катышты.

Эскерүү иш-чаралары "Өчпөс от" мемориалдык комплексине гүл чамбар коюу менен башталды. Чогулгандар Ош шаары үчүн Ленинград блокадасын жоюунун жылдыгы өзгөчө символикалык мааниге ээ экенин белгилешти.

Мындан тышкары, Т.Сатылганов атындагы Ош облустук китепканасында «Өмүр үчүн» иш-чарасы өттү. Анын алкагында «Нева дарыясындагы салют» аттуу архивдик материалдардын көргөзмөсү, Ош шаарынын мэриясынын жаштар комитетинин колдоосу менен «Жеңиш-Кыргызстандын ыктыярчылары» коомдук кыймылынын "Блокада наны" акциясы уюштурулду.

Соңунда "Улуу согуш. Ленинград" аттуу даректүү тасма көрсөтүлдү.


Белгилей кетсек, Ленинградды бошотуу үчүн болгон салгылашууларда 4 миңден ашуун кыргызстандыктар өз өмүрлөрүн беришкен. Кыргызстан курчоого алынган шаарга азык-түлүк жана жылуу кийим-кечелерди жөнөткөн.

Жалпысынан блокада учурунда Ленинграддан Кыргызстанга 16 миң адам эвакуацияланган, алардын 3 миңден ашууну балдар болгон.

Ленинград блокадасы 1941-жылдын 8-сентябрынан 1944-жылдын 27-январына чейин 872 күнгө созулган. Анын курмандыктарынын так саны белгисиз, ар кандай булактар боюнча 400 миңден 1,5 миллионго чейин жетет.

Пикир

Оставить комментарий