• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Ошто төрөлгөн үч эмдин бирин Сооронбай деп аташат

Аймак 0

Ош, 17.10.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Ош облусунда 7-октябрда Кара-Кулжа районунун Гүлбайра Конутаева аттуу жергиликтүү тургуну үч эм төрөгөн (бардыгы уул). Бул тууралуу облустук төрөт үйүнүн башкы дарыгери Гүласыл Жыргалбекова билдирди.

Анын айтымына караганда, 7-октябрда болжол менен саат 14:23 чамасында кесарева жолу менен операция жасалган. Биринчи ымыркайдын салмагы 1 кг 960 грамм, экинчисиники – 2 кг 200 грамм, үчүнчү ымыркайдын салмагы – 2 кг 175 грамм болгон.

“Ымырайлардын бирөөсүн атасы жаңы президенттин урматына Сооронбай деген ысым ыйгарууну пландап жатат. Бүгүнкү күндө эне бала балдар биздин ооруканада жатышат, чыгыша элек. Бардыгынын абалы жакшы”,-деди ал.

Үч уулдун төрөлүшү менен Гүлбайра Кунутаева 6 баланын энеси болуп калды. Гүлбайра Кунутаеванын буга чейин үч кызы болгон, 2013-жылы туң кызын төрөп, 2015-жылы болсо 2 кызды жарык дүйнөгө алып келген.

Пикир

Оставить комментарий